super.kg logo

Чет элдик жана ата мекендик уюмдардан медициналык каражаттар түрүндө гуманитардык жардамдар берилүүдө

 

Бүгүнкү күндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин линиясы боюнча чет элдик жана ата мекендик уюмдардан медициналык каражаттар түрүндө гуманитардык жардамдар келип түшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ар кыл каналдардан келип түшкөн гуманитардык жардам күн сайын аймактардын муктаждыктарына карата республика боюнча бөлүнүп турат.

"Комплекттер коргоочу костюмдардан, медициналык бет каптардан, жасалма дем алдыруучу аппараттардан, экспресс-тесттерден жана COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүдө зарыл болгон башка медициналык каражаттардан турат. Гуманитардык жардам катары 482 миң медициналык бет кап келип түшкөн, ал эми анын 370 миң 779 даанасы таркатылып берилген. 34 миң 77 коргоочу костюм келип түшсө, анын 33 миң 877 даанасы өлкөнүн медициналык мекемелерине тапшырылган", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: