super.kg logo

Трамп менен Макрон Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун реформалоо зарылдыгын айтышты

 

АКШнын президенти Дональд Трамп жана Франциянын президенти Эммануэль Макрон Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун реформалоонун зарылдыгы жөнүндө бир пикирге келишти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

"Трамп жана Макрон ДССУнун реформалоо зарылдыгы жөнүндө бир пикирге келишти" деп билдирген Ак Үйдүн өкүлү Жадд Дир журналисттерге маалымат берип жатып.

Президенттер ошондой эле БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн (АКШ, Франция, Орусия, Кытай жана Улуу Британия) өлкөлөрүн жыйынына чакыра турганын жана БУУнун коронавируска каршы аракетин талкуулоо күтүлүп жатканын билдиришкен.

"Трамп жана Макрон коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү жана дүйнөлүк экономикадагы жылыштарды талкуулашты. Лидерлер БУУнун пандемияга каршы аракеттерин талкуулоо үчүн беш туруктуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү чакырылат деп үмүттөнүштү", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Трамп Вашингтон ДССУнун каржылоосун токтотуп жаткандыгын маалымдаган. Анда Трамп ДССУну коронавирус жөнүндө өз убагында маалымат бербеген, ошондой эле чындыкты дүйнөлүк коомчулукка убагында жеткирген эмес деп күнөөлөгөн.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 11-мартта COVID-19 инфекциясын пандемия деп жарыялаган. Уюмдун акыркы маалыматына ылайык, дүйнөдө 3 миллиондон ашык жаран вирусту жугузуп алган жана 200 миңден ашуун адам вирустун кесепетинен көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
28.04.2020. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туура реформа кылышсын иштей тургандарына
28.04.2020. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иштеш керек!бирок бизде бугун 28-апрель болдубу же 15-апрельге жылдыбы?себеби балдардын тапшырмасын числого карап жонотойлу деген еле геп.
28.04.2020. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Трамп АКШ тарыхында эң күчтүү президент катары эсептейм .Себеби Акшны буга чейин Сатанисттер башкарып келген экен , Трамп да ошолордун арасынан чыккан бирок чыдаган эмес .Эмнеге Трамп ырчыларга каршы болгон убагында .Дүйнөлүк атактуу ырчылардан сатанистерден экен .Меркел Рим папалар бүт сатанисттер. Ишенбесенер ЮТУБДАН карагыла Трамп против Сатанисты дегиле көп маалыматтар бар.Трамп Путин Ци зинпин Эми Макрон да кошулуптур ушулар дүйнөнү башкаргандар менен алышат .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: