super.kg logo

Вице-премьер Акрам Мадумаров чек ара маселелери боюнча кеңешме өткөрдү

 

Бүгүн, 28-апрелде вице-премьер-министр Акрам Мадумаров онлайн режиминде чек ара маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө чек ара маселелери боюнча катчылыктын, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгү боюнча учурдагы маселелер талкууланды.

Акрам Мадумаров буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында чек ара боюнча маселелердин, ошондой эле чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча жумуштарды сапаттуу иштеп чыгууну улантуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Кеңешмеде ошондой эле чек ара аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Коопсуздук кеңештин жана Жогорку Кеңештин чечимдерин аткарууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик тармактык органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу коопсуздук чараларын күчтөндүрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Баткен облусунун жетекчилигине жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө байланыштуу чектеш райондордогу суу ресурстарын коңшу мамлекеттер ортосунда мурда жетишилген келишимдерге ылайык пайдалануу маселесин өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: