Чилинин президенти эл алдына чыгуу учурунда жыгылды
Мындай кокустук болуп кетерин билсе президент бул жакка чыкмак эместир


Мындай кокустук болуп кетерин билсе президент бул жакка чыкмак эместир

Мындай кокустук болуп кетерин билсе президент бул жакка чыкмак эместир

Тең салмактуулук жоголду

Тең салмактуулук жоголду

Мындай учурду фотокабарчылар жөн коё беришкен жок
Чилинин президенти Себастьян Пиньера эл алдына чыгып сүйлөйм деп кокустан жыгылып түшүп, ондогон фотоаппарат жана видеокамеранын "олжосуна" айланды. Ал Сантьяго районундагы эски үйлөрдүн бузулушу менен таанышып жүргөн эле. Бузулган үйлөрдүн калдыктарын тебелеп өйдө чыгып баратып, тең салмактуулукту жоготуп жыгылды өлкө башчы. Чет элдик ММКлардын билдиришинче, олуттуу жаракат алган жок. Бир нече мүнөттөн кийин журналисттерге тамаша иретинде: "Жашоодо жыгылуулар боло берет, башкысы - кайрадан бутка тура билиш керек",- деди. Айта кетсек, мындай окуя Пиньера үчүн биринчи жолкусу эмес. 2010-жылы Жаңы Орлеандагы иш сапары учурунда Миссисипи дарыясына кулап кетейин деп барып оңолгон. Буга каптал жана тар жолдун тайгактыгы себеп болгон эле.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

