super.kg logo

Кытайдагы мектеп окуучулары коронавирустун айынан коопсуз шляпаларын кийип окуп жатышат

 

Кытайдагы мектеп окуучулары коронавирустун айынан коопсуз шляпаларын кийип окуп жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ханчжоу шаарындагы мектептерде төмөнкү класстардын окуучулары бир метр узундуктагы таяктары бар баш кийим кийүүгө мажбур болушууда. Бул менен балдар социалдык аралыкты сактай алышат. Ата-энелерди балдарына ушундай баш кийимдерди даярдап берүүгө чакырышты.

Дүйшөмбүдөн тарта Пекинде жана Шанхайда он миңдеген окуучулар мектепке барып башташты. Кытайдагы бардык мектептер январь айында коронавирус инфекциясы күч алганда эле жабылган.

Коронавирус эң алгач Ухан шаарында 2019-жылдын декабрь айынын аягында катталган. Бул вирус Кытайдан тышкары дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө кулачын кенен жайды. Март айында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: