super.kg logo

Үй карантинди бузуп, дааватты улантышкан. Ысык-Көл жана Нарын облустарында үй карантинин бузган 6 факты катталды

 

Ысык-Көл жана Нарын облустарында үй карантинин бузган фактылар аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун аймагында 2 факты, Нарын облусунда 4 факты катталган.

"6-апрель күнү Каракол шаарынын жашоочусу Ш.К. өзүн-өзү обочолоо режимин бузган. Аталган факты бузуулардын бирдиктүү реестрине катталган. Ал I категориядагы 20 миң сомдон 30 миңге чейин айып түрүндө жазасын алат. Андан сырткары 19-апрель күнү Каракол шаарынын тургуну С.Н. үй шартындагы карантиндин эрежелерин бузуп, үйдүн сыртында "карантин" деген жазууларды сыйрып, тартылган ленталарды жулуп, качып кетүүгɵ аракет жасагандыгы аныкталган.

Ал эми Нарын облусунда карантин жарыялангандан баштап, эреже бузган 5 факты аныкталды. Эреже бузган жарандардын бардыгы Нарын облусунун Ат-Башы районунун жашоочулары. 30-март күнү "Индиядан келген эки жаран алдоо жолу менен санитардык-эпидемиологиялык посттон өтүшүп, айылга кирип барышкан" деген маалымат жарык көргөн. Аталган маалымат боюнча Ат-Башы райондук прокуратурасы тиешелүү материалды Ат-Башы РИИБине тапшырган. Текшерүүнүн жүрүшүндө эки жарандын аты-жөнү такталган. Алар 1977-жылы туулган М.К., 1971-жылы туулган И.Т. аттуу Ат-Башы районунун жашоочулары болушкан. Текшерүүдө алар Индиядан өлкөгө дааваттан келишип, обсервацияга жаткырылган. Алардан алынган анализ терс жыйынтык көрсөткөндүктөн, аларды үй шартындагы карантинге коё беришкен. Өзүн-өзү обочолоо жөнүндө тил кат бергендерине карабастан, жарандар үй шартындагы карантинди бузушуп, даават менен алектенүүлөрүн уланта беришкен.

Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн бардык фактылар боюнча Каракол ШИИБи менен Ат-Башы РИИБинин тергөө кызматы иликтөөлөрдү жүргүзүүдө", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
28.04.2020. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мына дааватчылардын жактап мактап колдоп тургандар кана! Не дейсиңер эми? Буларды айыпка пулга жыгып, жоопко тартыш керек катуу
28.04.2020. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nuri1988Elim2010,туура айтасыз. Самсаалатпай тыюу салыш керек. Ушулардын айынан ат-башылыктарда оору жети айылга жайылды. Туркойлуктун да чеги болот да, 14 кун отур дегенден кийин отуруш керек.
28.04.2020. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушундай темп менен жайды да корбой отура беребиз
28.04.2020. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жон эле дуйнонун политикасы. Москвада башка оруу менен олгондордун туугандарына карона вирус менен олду деп жаздырсанар акча беребиз жатат экен
28.04.2020. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эй молдокелер ушундай оор кырдаалда мындай кылганынар сооп эмес тескерисинче куноо болсо керек.
28.04.2020. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дааватка толук тыюу салыш керек.Башка сооп иш деле толуп жатат.Эгининди эк,малынды бак,уй булоонду кем карчы жок бак.Андай эле дааватка суусап атсан озубуздун аалымдарды ук.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: