Оштун Ноокат, Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абаддын Сузак районунда, Нарын шаарында өзгөчө абал режими токтотулат
Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Нарын шаарында 30-апрелде өзгөчө абал режими токтотулат. Ал эми өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал эми Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун азыркы кырдаал тууралуу баяндамаларынан кийин кабыл алынды.
Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылган. Ал эми Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 15-апрелден 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча токтом кабыл алынган.
Өзгөчө абал режими тез чараларды кабыл алмайынча токтотуу мүмкүн болбой калган оор кырдаалда гана киргизилет. Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга тийиштүү мамлекеттик органдардын чамасы жетпей баратканда ыкчам башкарууну Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы колго алат.

Мумкун болсо ОЗГОЧО АБАЛ менен ОЗГОЧО КЫРДААЛДЫН айырмасын тиешелуу темаларга жаза кетсенер, баарына тушунуктуу кылып...
Мисалы айрым райондордо озгочо абал жоюлганы менен озгочо кырдаал калыптыр, ошону эл тушуно турган жалпак тил менен жазгыла да, башка жактан маалыматты кочуруп тим болбой. Мисалы ошол озгочо абал жоюлган райондордо кандай озгоруулор болот озгочо кырдаал режиминде?