super.kg logo

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму: "Түркмөнстан коронавирус менен жабыркаган жарандарын жашырууда"

 

Түркмөнстанда өткөн мамлекеттик эмес уюмдардын жана бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу учурунда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна так, туура маалымат алууга тоскоолдуктар болуп жаткандыгы тууралуу сөз болгон. Бирок бийлик өкүлдөрү бул сөздү четке каккан.

Кийинки күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистери Түркмөнстанга келээри белгилүү болгон. Бул маалыматтан кийин аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги жана Ички иштер министрлиги, ошондой эле башка органдар шашылыш жолугушуу өткөрүшкөнүн өздүк булактар "Түркмөнстан хроникасына" кабарлашкан.

Анда карантиндик аймактарда жаткан адамдарды үй карантинине жиберип, алардын санын кыскартуу боюнча маселе каралган. Ошондой эле коронавирус аныкталган жана анын белгилери бар адамдарды аскер объектилеринин аймагына которуу тууралуу маселе каралган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистери андай аймактарга мыйзам боюнча кире албайт.

Ал эми оорудан айыгып чыккан адамдардын оору тарыхына өзгөртүүлөр кирип, коронавирус өлкөдө катталганын максималдуу түрдө жашыруу тапшырмасы берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.04.2020. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туркмондор Туркмондор бизде 10 майга чейин карантец куураттынарго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: