super.kg logo

Жогорку Сот: "Айэркен Саймаитиге жасалма паспорт берди делген кызматкер акталган жок"

 

Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспортун жасап бергенге шектелген паспорттук бюронун кызматкери акталды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү, 330-беренесинин 1-бөлүгү жана 359-беренесинин 1-2-бөлүктөрү менен айыпталуучу А.А.К. жөнүндөгү жазык ишин Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту карап, 2019-жылдын 22-ноябрындагы токтому менен 62-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде жазык куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу А.А.К. жазык жоопкерчилигинен бошотулуп, жазык иш өндүрүштөн кыскартылган.

Ал эми өз учурунда Жалал-Абад облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2019-жылдын 31-декабрындагы аныктамасы менен биринчи инстанция сотунун А.А.К. жөнүндөгү токтому өзгөртүүсүз калтырылган. Жалал-Абад облустук прокуратурасынын бөлүмдүн улук прокурору Жогорку Сотко биринчи жана апелляциялык инстанция сотторунун соттук актыларын жокко чыгарып, А.А.К.га карата угузулган айып боюнча жаза белгилөөнү сураган. Жогорку Сот аталган ишти карап, биринчи жана апелляциялык инстанция сотторунун соттук актыларын күчүндө калтырган. Андыктан Жогорку Сот айыпталуучу А.А.К.ны актады деген маалымат чындыкка дал келбейт", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.04.2020. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сайматинин көзүн тазалаган Хабибулланы кармап суракка алыш керек.
28.04.2020. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Пархати дегени Атамбаевдин темный кошелегу бар ошону да изилдеп көрсөңөр жакшы болот эле
28.04.2020. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жазык мөөнөтү эскирген дегенди алып салуу боюнча Текебаев мыйзам жазса убагында депутаттар кабыл албай коюшкан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: