super.kg logo

"Чакан жана орто ишкерликтин ишмердүүлүгүнүн этап-этап менен жандандыруу жана аларды колдоого өзгөчө көңүл буруу керек" дейт вице-премьер

 

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Жалал-Абад облусунун ыкчам штабынын жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында облустагы эпидемиологиялык кырдаал, санитардык-карантиндик посттордун иши, жазгы талаачылык жумуштардын жүрүшү талкууланды.

"Өнөр жай ишканаларынын мындан аркы иши, чакан жана орто ишкерлик субъектилеринин ишмердүүлүгүнүн этап-этап менен жандандыруу жана аларды колдоого өзгөчө көңүл буруу керек. Мындан тышкары калкка даректүү социалдык жана гуманитардык жардамдар боюнча ишти улантуу зарыл", - деди Акрам Мадумаров.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык блокпосттордун санын кыскартуу маселеси каралды.

Ыкчам штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча Коопсуздук кеңешинин жана коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү үчүн республикалык ыкчам штабдын чечимдерин аткаруу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: