Сак болуңуздар! Бишкекте жана Чүйдө кечинде катуу шамал болот
Жакынкы саатта Бишкекте жана Чүй облусунун аймагында катуу шамал күтүлөт. Мындай шамал кечинде жана 29-апрелге караган түндө дагы орун аларын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жакынкы саатта катталып, түнү дагы болору күтүлүүдө.
Күтүлүп жаткан аба ырайына байланыштуу министрлик жарандарды сак болууга чакырат. Ошондой эле айдоочуларга унааларын бак-дарактын жанына, курулуш иштери жүрүп жаткан имараттардын алдына токтотпоону эскертет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-07-29
14:9
2025-07-29

12:52
2025-07-29
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.