super.kg logo

Испанияда жаш баланын бир учурда 6 органын алмаштырышкан

 
Испанияда Виктор аттуу жаш баланын 6 органын алмаштыруу боюнча операция ийгиликтүү өтүп, бала ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Февраль айында баланын ашказан, боор, 12 эли ичеги, ичке ичеги, жоон ичегинин жарымы, уйку безин алмаштыруу боюнча операция жүргүзүлгөн. Мындай чоң жоопкерчиликти мадриддик Hospital La Paz ооруканасы жоопкерчилигине алып, февраль айында операция жасашкан. Өткөн аптада Виктор калыбына келген соң ооруканадан чыгарылган.
Виктор бул операцияны 3 жыл бою күтүп, ал аралыкта суткасына 18 саат тамактануу үчүн атайын аппаратка кошулуп келген. Баланын апасы уулунун ден соолугунда маселе бар экендигин 27 апталык боюнда бар кезинде билген.
Мадриддик оорукананын трансплантология бөлүмүнүн жетекчиси Эстер Рамостун билдиришинче, Виктор оор операцияны башынан өткөрсө да, калыбына келүү процесси жакшы болгон. Ал көпкө чейин интенсивдүү терапия бөлүмүндө жатып, операциядан эки айдан кийин ооруканадан чыгарылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
28.04.2020. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олигархтын баласы го..Жонокой адам мынча операция жасата алмак эмес.
29.04.2020. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nur777,Сөзсүз олигархтын уулу болушу керекби? Эгер мындай оор операция биринчи жасалып жаткан болсо клиника үчүн бул престиж. Жогорку рейтинг үчүн жол ачат.Рейтинг канча жогору болсо ошончолук пациенттер коп болуп пайда түшөт. Медициналык окуу жайлардын эн алдыңкы бүтүрүүчүлөрү интернатураны,ординатураны ошол клиникада өткөрүгө арекет кылышат. Ошондуктан клиника операцияны толугу менен мойнуна алышы мүмкүн. Операция ийгиликтуу ишке ашыптыр клиника үчүн өтө жакшы реклама.
satyke түзөттү 2020-04-29 03:17:51
28.04.2020. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйку бездин да алмаштырса болобу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: