super.kg logo

"Ухан вирусу": Коронавирустан каза болгондордун саны дүйнө жүзүндө 217 миңге жакындады

 

29-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын саны 3 миллион 114 миң 659га жетсе, каза болгондордун саны 216 миң 989га жетти.

АКШда вирусту жуктургандардын саны 1 миллион 12 миң 399га жетсе, 118 миң адам оорудан сакайып чыкты, ал эми 58 миң 855 адам көз жумду.

Испанияда 232 миң 128 адам вирус жуктуруп алса, 103 миң адам илдеттен сакайып ооруканадан чыккан, ал эми каза болгондордун саны 23 миң 822 адамды түздү.

Италияда 201 миң 505 адам вирус жуктуруп, анын ичинен 68 миң 941 адам оорудан сакайып, 27 миң 359 адам көз жумган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: