super.kg logo

Индонезия 2 миңден ашык адамдын коронавирустан каза болгонун жашырган

 

Индонезияда 2 миң 200 адам коронавирустан көз жумган. Бирок алар вирустан каза болгондордун расмий тизмесине кошулбай калган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Адистердин баамында, аталган маалымат өлкөдө коронавирустан каза болгон адамдардын саны 765тен алда канча көп экенинен кабар берет.

Индонезияда калкты тестирлөөдө эң төмөнкү көрсөткүчүн көрсөткөн. Мындан улам эпидемиологдор бул фактор вирустун жайылуусунун чыныгы масштабдарын көрүүгө тоскоол болууда деп билдиришкен. Айта кетсек, Индонезия калкынын саны боюнча дүйнө жүзүндө 4-орунда турат.

16 провинциядан алынган акыркы маалыматтар 1 миң 212 адам коронавирустан көз жумгандыгын көрсөткөн. Бул маалымат сайттарды текшерүүдө, провинциялардын жетекчилери менен сүйлөшүүдө жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун отчётунан алынган.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча өкмөттүн иш тобунун жетекчиси Вику Адисасмито бул санды четке какпай турганын айтып, бирок өлкө боюнча каза болгондордун так санын айткандан баш тарткан. Анын айтымында, вирустун белгилери бар 19 миң 897 адам лабораториядагы чоң кезектин айынан тестирлөөдөн өтө албай жатышат.

Расмий маалыматтарга караганда, 9 миң 96 адамдан коронавирус аныкталган, алардын ичинен 765 адам көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: