super.kg logo

Министрлик: "Стационарларда жаткан бейтаптардын көбүндө оорунун симптомдору байкалбай өтүп жатат"

 

Бүгүнкү күнгө карата коронавирус менен ооруган бейтаптардын ичинен 284 жаран стационарларда жатат. Алардын көбүндө оорунун белгилери байкалбай өтүп жатат. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы пульмонологу Талант Сооронбаев онлайн маалымат жыйында билдирди.

Айтымында, бейтаптарды дарылоо жарандын макулдугу менен жүргүзүлөт.

"Бүгүнкү күндө стационарларда жаткан 284 бейтаптын 40 пайызында коронавирустун белгилери байкалбай өтүп жатат. Мындай учурда биз аларга антибиотиктерди бербейбиз, абалын көзөмөлдөп турабыз. Зарыл болгон учурда гана активдүү дарылоо жүргүзүлөт. Ал эми абалы оор болгон бейтаптарды дарылоодо вируска каршы дары каражаттары колдонулат. Дарылоо сөзсүз түрдө бейтаптын макулдугунун негизинде ишке ашат. Эгер бейтап макул болсо, дарылоо жүргүзүлөт", - деди ал.

Ошондой эле оорунун даражасына жараша бейтаптарды дарылоо үчүн консилиумдун чечими менен дары-дармектер дайындаларын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: