super.kg logo

Коронавируска чалдыккандарды дарылоого тартылган медицина кызматкерлерине кошумча төлөм үчүн 95 миллион сом бөлүндү

 

Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн физикалык жана юридикалык жактардан ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Комиссия мүчөлөрүнө Саламаттыкты сактоо министрлигинин апрель айына карата медицина кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн керектелген 229 миллион 418 миң 400 сом өлчөмүндөгү билдирмесинин бет ачары сунушталды.

Комиссия мүчөсү, "Балдар укугун коргоо лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова чогултулган каражатты жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга багыттоого чакырды.

Өз кезегинде милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун жетекчисинин орун басары Акыл Калыков бүгүнкү күндө жеке коргонуу каражаттарын сатып алуу процедуралары ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи.

Андан соң Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү төлөө үчүн 95 миллион 584 миң сом өлчөмүндөгү өтүнмөсү добуш берүүгө коюлду. Жыйынтыгында комиссиянын катышып жаткан 15 мүчөсүнүн ичинен 11и бул чечимди колдоп, 4 мүчөсү калыс бойдон калышкан.

Кеңешменин жыйынтыгында Саламаттыкты сактоо министрлигинин оорунун очогу орун алган аймактарда ишке тартылган саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлерине жана ишке тартылган жактарга 95 миллион 584 миң сом өлчөмүндөгү компенсациялык төлөмдөр үчүн өтүнмөсү жактырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: