super.kg logo

Күн сайын коронавирус менен ооруган бир нече адам аныкталып, алар вирусту кайдан жуктурганын өздөрү билишпейт

 

Күн сайын коронавирус менен ооруган бир нече адам аныкталып, алар вирусту кантип жана кимден жугузганын өздөрү билишпейт. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн жыйын учурунда билдирди.

"Коронавирустун жайылуусу коркунучтуу болууда. Күн сайын 10-20 жарандан вирус аныкталат. Көбүнчө үй карантининде жүргөндөрдүн же байкоо жүргүзгөндөрдүн арасында. Алардын арасында 1-2ден адамдар катталып жатат. Булар белгисиз адамдардан жуктуруп алышкан же алар кайдан, кантип жуктуруп алышканын билишпейт", - деди Боронов.

Анын айтымында, айрымдары ооруларын жашырып, өзүн-өзү дарылап жүрүшкөн.

Боронов билдиргендей, бул жаатта мобилдик топ түзүлүп, 114 эл жашаган аймакта коронавирус инфекциясы аныкталган. Эпидемиологдор жана башка адистер кирген мобилдик топтор аймактардагы тургундарды текшерип, маектешип, дене табын текшеришкен. Дарыгерлер зарыл болгон учурда экспресс-тесттен өткөрүп, жыйынтыгына жараша кийинки иштерин улантып жатышат.

"Бул иш-аракеттердин натыйжасында кимден жукканын билбеген тургундар аныкталды", - деп кошумчалады Боронов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.04.2020. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайылып кеткенда.Аптекадан,магазинден,базардан жуктурат.Анан карантинде тентип журушот уйундо отурбай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: