Сүйүнчү! WhatsApp мессенжеринде 4 эмес, мындан ары 8 адам бир учурда сүйлөшө алышат

WhatsApp мессенжеринде жаңы мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул тууралуу компания блогунда билдирген.
Мындан ары WhatsApp мессенжеринде ишке ашырылган тайпалык аудио, видео чалууларга 8ге жакын адам кошула алат.
Маалыматка ылайык, коронавирус пандемиясынан улам дүйнө жүзүнө киргизилген карантинге байланыштуу колдонуучулар мурункуга салыштырмалуу мессенжерди көбүрөөк колдонуп башташкан. Алардын арасында тайпалык чалуулардын популярдуулугу өскөн. Ошого байланыштуу компания тайпалык чалууга мурункуга караганда эки эсе көп колдонуучунун катышуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыккан. Мурун тайпалык чалууга 4 гана киши катышса, эми 8 адам бир учурда сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

бул функция биз учун эмес, дуйнолук болгондуктан бизге пайдасы жок болсо да башкаларга ото пайдалуудур