super.kg logo
  Саясат  

"Коронавирус менен күрөшүүдө Испаниянын тажрыйбасын алууга кызыкдарбыз". Кыргыз өлкөсү менен Испаниянын Тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

 
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Испаниянын тышкы иштер, Европа биримдиги жана кызматташтык министри Аранча Гонсалес Лайе менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Чыңгыз Айдарбеков эки өлкөнүн медициналык мекемелеринин жана Саламаттыкты сактоо министрликтеринин ортосунда түз байланышты уюштуруу, маалыматтарды алмашуу жолу аркылуу коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча Испаниянын топтогон тажрыйбасын алууга кызыкдар экенин белгиледи.
Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары консулдук маселелер боюнча да пикир алмашышты. Испаниядагы Кыргыз жарандарынын абалын жеңилдетүү маселелери өзүнчө каралды. Министрлер жакынкы убакта онлайн форматта конференция өткөрүү жөнүндө макулдашты.
Мындан тышкары тараптар келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө, ошондой эле эки тараптуу жана эл аралык күн тартибинин маселелерине көңүл бурушту, өз ара кызыкчылыктарды көздөөчү маселелер боюнча диалогду колдоп турууга келишти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: