super.kg logo

Си Цзиньпин төрдү Дональд Трампка бошотуп берди... Коронавирустан каза болгондор катталган алдыңкы 10 өлкө (30-апрелге карата)

 

Бүгүн, 30-апрель саат 09:30га карата коронавирустан каза болгондор катталган алдыңкы 10 өлкөнүн тизмеси төмөндөгүчө:

1. АКШ - 60 миң 966
2. Италия - 27 миң 682
3. Улуу Британия - 26 миң 97
4. Испания - 24 миң 275
5. Франция - 24 миң 87
6. Бельгия - 7 миң 501
7. Германия - 6 миң 467
8. Иран - 5 миң 957
9. Бразилия - 5 миң 513
10. Нидерланддар - 4 миң 711

Дүйнөдө коронавирустан улам каза болгондордун жалпы саны - 227 миң 638 киши. 9-мартта бул көрсөткүч 3 миң 825, 17-мартта 7 миң 155, 27-мартта 24 миң 77, 10-апрелде 95 миң 731 адам эле. Бул цифралар соңку 20 күндө 131 миңден ашуун адам, күн сайын 6 жарым миңден ашуун адам өмүрү менен кош айтышып жатканын билдирет.



9-мартта да, 17-мартта да алдыңкы үчтүктө Кытай, Италия, Иран болчу. 27-мартка дейре абал чукул өзгөрүп, 1-орунга Италия, 2-орунга үчтүктө жок болгон Испания чыгып, илдет башталгандан тарта алдыңкы саптан түшпөгөн Кытай 3-орунду ээлеген. 10-апрелде 1-орунда Италия калып, 2-орунга үчтүктө жок болгон АКШ чыгып, 3-орунга Испания түшүп, илдет башталгандан тарта алдыңкы саптан түшпөгөн Кытай 7-орунду ээлеген.

Арадан 20 күн өткөн соң, Кытай ондуктан сүрүлүп чыкты, анда каза болгондордун саны бүгүнкү күндө 4 миң 637 адам. Ошол эле учурда АКШдагы көрсөткүч менен салыштырганда америкалыктар кытайлардан дээрлик 13 эсеге көптүк кылат. Бул аралыкта эки ири держава АКШ менен Кытайдын ортосундагы мамиле коронавирустан улам курчуп, Дональд Трамп күн алыс Си Цзиньпин баштаган бийликти азыркы кризистин келип чыгуусуна күнөөлөп жатат.



Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
30.04.2020. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
А эмнеге Трампка жукпайт Си Цзиньпинге жукпайт жаш курактары 70 тен ашып калышкан?
30.04.2020. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
KalenAlmaz, Бул вирус кылымдын афёрасы.
01.05.2020. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gute,тарых кечирбейтго э анда )))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: