Депутат Жогорку Кеңештин жыйынына премьер-министрди чакырууну сунуш кылды
Депутат Исхак Масалиев жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди чакырууну сунуш кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Өзгөчө абалды узартуу жарлыгын карап жатканда, премьер-министрди жана биринчи вице-премьер-министрди чакыралы. Бул жерде көптөгөн түшүнүксүз маселелер болуп жатат. Алар каржы боюнча төрт башка маалымат берип жатышат. Эки апта мурун токтом кабыл алып, кризиске каршы программанын планын бергиле дегенбиз. Бул планды Жогорку Кеңешке да бериши керек", - дейт ал.
Масалиевдин сунушун депутат Наталья Никитенко да колдоду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
2

