Өкмөт башчы: "6 миңден ашык медицина кызматкери коронавируска каршы күрөшүп жатат"
6 миңден ашык медицина кызматкери коронавируска каршы күрөшүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
"Коронавируска каршы күрөшүүгө күч жетиштүү. 103 эпидемиялык бригада иштеп жатат. Вируска каршы күрөшүү үчүн бюджеттен 700 миллион сом бөлдүк. 500 миллион сом Саламаттыкты сактоо министрлигине жумшалды.
Бүгүнкү күнү коргоочу костюмдар жетиштүү. Бет кап боюнча маселе жок. Ишкерлер, демөөрчү болгондор бет кап боюнча көйгөйдү чечип беришти. Аларга ыраазычылык билдиребиз", - деди Абылгазиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.