super.kg logo

Эң ири кылмыштуу топтордун башын бириктирген Сальвадордун түрмөлөрү

 

Сальвадордун өлкө башчылыгына келген Найиб Букеле өзүнүн шайлоо учурундагы сөздөрүнө туруп кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө катуу чараларды көрүп жаткан мезгили. Анын жакында эле социалдык тармакка чыгарган сүрөттөрү кызуу талкууга алынган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Сүрөттөр абакта тартылган, анда соттолгондор арасында эч кандай аралык сакталбастан, колуна кишен салынып, жерде тизелеп отурганын көрүүгө болот. Бийлик өкүлдөрү муну кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө болгон катаал чаралар деп түшүндүрүшкөн. Ошондой эле түрмөнүн эшик, терезелери жука калай менен тосула баштаган.

"Белгилүү кылмыштуу топтун мүчөлөрү мурун бири-бирин өлтүрүп салбасын деп башка абактарда кармалса, мындан ары бир абакта кармалышат. Террордук топторду аралаштырдык. Эми мурдагыдай болбойт. Өлкөнү башкарып жаткан бийликке сый-урмат көрсөтүшөт", - деп билдирген вице-президент Осирис Луна.

Сальвадор кылмыштуулук, адам өлтүрүү боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турган. Акыркы айларда адам өлтүрүү боюнча көрсөткүч 30 пайызга кыскарган. Өлкөдөгү эң чоң уюшкан "Мара Салматруча" (MS-13) менен атаандаш "Баррио 18" деген кылмыштуу топтор бар. Бул топтогулардын саны жалпы 70 миңге жетет. Алар опузалоо, баңгизат соодасы жана башка кылмыштар менен алектенет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.04.2020. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адам бешене тери менен нан таап жеш керек,а ууру тоногуч кылмышкерлерди жок эле кылып салыш керек
30.04.2020. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Flowhive,антип ойдо суйлобо адашып калгандар бар же саясий курмандыка айлангандар бар же куноосуз олтургандар деле барда тообо кыл оз башына тушуп калбасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: