Жалпы республикалык тестирлөө жана жогорку окуу жайларга тапшыруу күндөрүнүн даталары белгилүү болду
Жалпы республикалык тестирлөө жана жогорку окуу жайларга тапшыруу этаптары:
ЖРТга каттоо 4-15-майда аяктайт;
21-июнда негизги тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;
22-июнда предметтик тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;
24-июнда негизги тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;
25-июнда предметтик тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;
ЖРТнын жыйынтыктарын жарыялап, таратуу 13-19-июлда жүрөт;
20-июлда ЖОЖго тапшыруунун биринчи туру өтөт;
27-июлда ЖОЖго тапшыруунун экинчи туру өтөт;
3-августта ЖОЖго тапшыруунун үчүнчү туру өтөт.
Адистештирилген орто окуу жайларына документтерди тапшыруу 1-июлда башталат.
Бардык иш-чараларды өткөрүү үчүн бөлмөлөр алдын ала дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат.




1 |