Депутат Зулпукаров: "Кээ бир депутаттар эл өкүлдөрү тууралуу калп маалыматтарды таратып жатат"
"Кээ бир депутаттар эл өкүлдөрү тууралуу калп маалыматтарды таратып жатат" деп бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров билдирди.
"Жалган маалымат таркатып жатканда көңүл буруп койсоңуздар. Коронавирус Кытайдын Ухан деген шаарынан чыкканын билишет. Жогорку Кеңештин депутаттары тууралуу жалган маалымат таркап жатат. Биз башка динди, башка улутту сыйлайбыз. Диндерди бири-бирине карама-каршылыкка чакырган нерселер болуп жатат. Коронавирус менен бир динди же улутту жаман көрсөткөн болбойт", - деди ал.
Ал эми депутат Талант Мамытов коронавирусту бир адамга шылтаганды токтотууга чакырды.
Буга чейин депутат Ирина Карамушкина умрага барып келген депутаттардын тизмесин сураган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

