super.kg logo

Ош облусунун кооптуу аймактарында жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлүүдө

 

Жаз-жай айларындагы сел, суу ташкындары жана жер көчкү кырсыктарынан адам өлүмүн болтурбоо, материалдык чыгымдардын алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан кооптуу тилкелерде жашаган кожолуктарга түшүндүрүү, алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун аймагында 2 миң 488 турак жайды көчүрүүгө тийиш анын ичинен 1 миң 119 турак жай мамлекеттик жардам жана жер тилкесин албагандар (көчүрүлбөгөндөр), 1 миң 369 турак жай мамлекеттик жардам жана жер тилкесин алып, көчпөгөндөр. Бүгүнкү күндө 1 миң 993 үй-бүлөгө жекече эскертмелер берилди.

Бүгүнкү күндө Ош облусу боюнча 83 чатыр райондорго жеткирилди:
Алай районуна 48 чатыр жеткирилип, Гүлчө айыл аймагынын Таш-Коро айылына 18 чатыр, Чакмак айылына 2 чатыр тигилди. Будалык айыл аймагынын Тамга-Терек айылына 2 чатыр, Октябрь айылына 4 чатыр, Кара-Суу айылына 4 чатыр, Корул айыл аймагынын Тогуз-Булак айылына 2 чатыр, Кең-Жылга айылына 3 чатыр тигилди. Ленин айыл аймагындагы Мурдаш айылында 8 чатыр запаста турат. Коңур-Дөбө айыл аймагындагы Арпа-Тектир айылында 5 чатыр запаста турат.

Ал эми Кара-Кулжа районуна 15 чатыр, Өзгөн районуна 20 чатыр жеткирилип, жергиликтүү бийлик менен макулдашууда турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: