Депутат Сулайманов: "Декабрь айынын аягында мен умрага баргам, сурооңор болсо бергиле"
"Декабрь айынын аягында мен умрага баргам, сурооңор болсо бергиле" деп бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов билдирди.
Буга чейин депутат Ирина Карамушкина "12-13-мартта Сауд Арабиядан келгендердин арасында депутаттар болгонбу?" деп сураган. Анда саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов мындай маалыматы жок экенин билдирди.
"Коронавирус дин тутумуна карабайт. Умрадан келди деген сөздү этият кылып айталы. Мындай жерден саясат жасаган туура эмес. Кайсы жактан келбесин бизге келмек. Аларды дарылоо мамлекеттин милдети", - дейт Сулайманов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
3

