super.kg logo

Энесинен "келиниңизди таяк менен тарбиялабайсызбы?" деп "интервья" алган "журналист" кыз. "Апам кечке телефон карай берет, ошого ачуум келет" дейт (маек)

 

Бүгүн социалдык тармакка кичинекей кыздын чоң энесинен интервью алган видеосу чыкты. Анда журналисттин ролун аткарган кыз энесине келинин "таяк менен сабап тарбиялабайсызбы?" деп айтканы, үйүн "бардак" дегени көпчүлүктүн ууртуна жылмаюу тартуулады. Анда эмесе тез арада интернет жылдызына айланган Баймадан өзү айтмакчы, SUPER.KG порталы "интервья" алды. Алгач каармандын апасы Нурай айым менен баарлашып, андан соң башкы каарманга суроо узаттык.

- Нурай, саламатсызбы? Сиздин журналист болом деген кызыңыздын видеосу интернет айдыңына тарап, интернет жылдызы болуп кетти. Кызыңыз, өзүңүз тууралуу кыскача маалымат берсеңиз?

- Саламатчылык! Биз Ош шаарынын Кара-Суу районуна караштуу Каарман айылында турабыз. Кызымдын видео тартканын, анын минтип тарап кетерин деле билген эмеспиз. Видеону бизге тааныштар социалдык тармактарда жүрөт деп бүгүн жөнөтүшкөндө гана билдик. Негизи кызым ушинтип ар кимден интервью алып, телефонго өзүн тартканды жакшы көрөт. Телефонумда андай видеолору аябай көп. Элге тарап кетпесин деп айрымдарын өчүрүп турам.

Ал эми кызыбыз жөнүндө айтсам, аты Байма. Кайнатам журналист Байма Сутеновадай чыгаан журналист болсун деген тилек менен атын Байма деп атаган. Кызым учурда 8 жашта, 1-класстын алдыңкы окуучусу.

- Кызыңыз аябай зирек, тың экен. Бала кезден эле ушундайбы?

- Байма 2 жаш болгондо түркиялык "Даңазалуу доор" сериалы популярдуу болгон. Кызым мени менен сериалды калтырбай көрчү. Ошол 2 жашында эле "мен Хүрреммин" дечү. Кийинчерээк чоңойгондо ким болосуң деп сурасак, "Биринчиден, мен журналист болгум келет. Экинчиден, врач болгум келет. Экөөнө тең жетишемби?" деп сурап калчу. Ооба, буюрса, чоңойгондо жетишесиң деп койчумун.

- Энесине "келиниңизди сабап тарбиялабайсызбы?" деп сиз тууралуу айтканбы?

- Ооба, "келиниңизди таяк менен тарбиялабайсызбы?" деп мени айтты да (күлүп). Мен телефонду көп кармайм да, отуруп калсам эле "энем сизди чай кылсын деп жатат, тамак кылсын деп жатат" деп тынбай келе берет. "Телефонду карай бербей келин болгондон кийин келиндик кызматыңызды кылбайсызбы?" деп мени урушат.

- Атасы экөөңүздөр жумуш менен алаксып кызыңыздын видеого тартканын деле байкабай калган окшойсуздар?

- Ооба, негизи биз чоң, "бардак" эмес, таза үйдө эле жашайбыз. Кыштан чыкканча деп ошол эки бөлмөлүү үйдө жашап жатканбыз. Байма да таза, чоң үйдү тартпай, так ошол эски үйдү тартканын карасаң (күлүп).

Апасынан кийин кепти интернет жылдызына айланган Байма менен уладык.

- Байма, кандайсың? Ден соолуктарың жакшыбы?

- Кандайсыз? Өзүңүз жакшысызбы?

- Рахмат, жакшы. Келечекте сени журналист болгусу келет деп уктук. Ал кесиптин эмнеси жагат сага?

- Биринчиден, журналист болгум келет, экинчиден врач болгум келет. Журналист болуп интервью алганды жакшы көрөм, врач болсом элге жардам берем.

- Энеңден дайым эле интервью алып турасыңбы?

- Ооба, дайыма алам. Анан Саян деген иним бар, 6 жашта, андан да алып турам. Мен телевизордон дайыма көрөм да журналисттерди, анан Байма Сутеновадай болгум келет.

- Дагы эмнеге кызыгасың?

- Чоң салон ачып, бирөөлөрдү жасаганга кызыгам. Менин өзүмдүн да чачым узун, азыр тиземден келет. Апам күндө мектепке барганда экиге өрүп берет. Рапунцель (ред. мультфильмдеги каарман) болгум келет. Келечекте Кыргыз өлкөсүндөгү эң чачы узун кыз болом.

- Тилегиңе жет! Энеңе эмнеге апаңды таяк менен сабаңыз деп айттың?

- Апам кечке телефон көрө берет. Ошого ачуум келет. Анан ошого тамак кылбайсызбы деп айтам. Энем мурун мугалим болгон, сабактарымды аткарып берет. Апам үйдө эле, тамак жасап берет.

- Маегиңе рахмат! Тилектериңе жет!


кошулду





"Бардак" деген небереси энесинен "интервья" алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(18)
Медиа-портал
30.04.2020. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
супер журналист или актиса болуп осот го буюрса
01.05.2020. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+36
Молодец кыз экен))) чон энеси кооп жашап Байма небересинин чыныгы журналист болуп камера менен келип интервья алган кунуно жеткирсин!))) Удачи!!!
01.05.2020. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Конулумду котордун алтын кыз ...ха - ха-ха... Тыкылдаган кыз экен...
01.05.2020. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Чын эле профи журналистердей эле ,,Интервья'' алыптыр
01.05.2020. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Баарынан да чон энеси да конул кош карабай, чыныгы журналистке жооп бергендей суйлоптур.
01.05.2020. 05:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Чон энесине рахмат. Конул буруп интервя берген. Коп урушпай тарбиялаган учун ушундай тыкылдаган кыз болгон да.
01.05.2020. 06:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Карыраак эле болуп калыптыр дегени жакты.
01.05.2020. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Такылдайтко омурун берсин куло берип ичим эзилди
01.05.2020. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аа бардак дейт го)))
01.05.2020. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Өмүрүң узун болсун садага... Тилеген максатыңа жете көр. Чоң энеңдин өмүрүн берсин!!!!
01.05.2020. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
:-)))) Бир кун кечке кулдум. Азамат кыз, омурунду берсин
01.05.2020. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бензин сатам Аи92 28 сомдон 2000 тонна бар
02.05.2020. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turaliev,каяктасын
02.05.2020. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mir_ak.kg, Бишкек
01.05.2020. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Серьезный болуп,"каматывириңиз,эже"дейт го,ширин кыз десе
01.05.2020. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ии ширин келечегиң кең болсун, Бизгеда сендей кыздардан берсе экен кудайым,
02.05.2020. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматсын,акценти жок адабий тилде суйлогонду уйронсон созсуз мыкты журналист болосун,сабагынды жакшы оку,коп китеп оку,азамат!
03.05.2020. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ими ананып кетейн коозу микрофону соонунго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: