super.kg logo
  Саясат  

Депутат Зулпукаров Асылбек Жээнбеков 2020-жылы умрага барбаганын айтты

 

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина Кыргыз өлкөсүнө коронавирусту умрага барып келгендер алып келгенин айтты.

Депутат алар текшерилбей үйлөрүнө жиберилгенин белгиледи. Карамушкина 12-мартта Сауд Арабиясынан келген каттамдын жүргүнчүлөрүн текшербей өткөрүүнү депутат Асылбек Жээнбеков талап кылганы тууралуу маалымат бар экенин билдирди. "Бул күнү Сауд Арабиясынан келгендердин тизмесин бергиле" деди Карамушкина.

Бул учурда депутаттар мындай билдирүүлөр дин жана улут аралык кастыкты козутууга алып келе турганын айтышты.

Депутат Алтынбек Сулайманов декабрь айынын аягында умрага барып келгенин айтып, суроо болсо ага кайрылууну сунуштады. Ал эми депутат Төрөбай Зулпукаров жалган маалымат таратпоого чакырды. Депутат Өмүрбек Бакиров болсо депутаттын бул билдирүүсүнө юридикалык баа берүү керектигин белгилеп өттү.

Зулпукаров Асылбек Жээнбеков менен байланышканын айтты. "Мен Асылбек Жээнбеков менен байланыштым. Ал бул жылы умрага барбаганын билдирди. Жүргүнчүлөрдү текшербей өткөрүү боюнча талап да кылбаганын белгиледи", - деди Төрөбай Зулпукаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: