Нью-Йоркто оор жүк ташуучу унаадан 10догон адамдын сөөгү табылды

Нью-Йорк штатында өлгөн адамдарды көмүү кызматынын кеңсесинин жанындагы оор жүк ташуучу унаалардан 10догон адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу "The New York Times" гезити жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Нью-Йорк шаарынын полиция кызматына саат 11лер чамасында жергиликтүү тургундар кеңсе жактан жагымсыз жыт келип жатканын айтып арызданышкан. Жерине келген укук коргоо кызматкерлери оор жүк ташуучу унаалардан 10догон жансыз денелерди табышкан. Бул окуя менен тааныш болгон адам маркумдарды көмүү бюросунда иштегендер тоңдуруучу камералары иштебей калгандыктан, сөөктөрдү оор жүк ташуучу унааларга сактап келишкендигин айткан.
Каза болгондордун арасында коронавирус инфекциясынан канчоо каза болгону тууралуу маалымат айтылган эмес. Бирок учурда Нью-Йоркто вирустан каза болгон адамдар көп болгонуна байланыштуу аталган атайын компанияларга чоң күч келип жаткандыгы маалымдалган.
Акыркы маалыматка ылайык, АКШда миллиондон ашуун адам коронавирус жуктуруп, 60 миңден ашуун бейтап көз жумган. Каза болгондордун 18 миңден ашууну Нью-Йорк штатында катталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Aikaaaa

01.05.2020. 00:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунчалыка жеттикпи?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.