Ал эми кечээ, 30-апрелден тартып санитардык эрежени катуу сактоо талабы менен 900дөй базар ачылган. Эгер вирустун таралышы күчөп кетпесе, башка тейлөө жайлары 11-майдан кийин чекесинен ачылат.
Пандемиянын кесепетинен миңдеген адам жумушсуз отурат. Украинанын өкмөтү аларды колдош үчүн 220 миллиондон ашык доллар бөлгөн.
Украинада жалпы 10 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталган, алардын ичинен 260 адам көз жумган.

Супер-Инфо
super.kg видео

Украинада жүздөгөн ишкерлер Өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, санитардык чектөөлөрдү алууну талап кылышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.















