super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Бүгүнкү күндө тоңдурулган анализдер жок. 1 суткада алардын жыйынтыгын чыгарып жатабыз" (хронология, видео)

 

Бүгүн, 1-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова жана Мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев онлайн маалымат жыйын берди.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-05-01 10:22

Суроо: "Буга чейин анализдердин көлөмү көп жана реагенттердин жоктугуна байланыштуу анализдер тоңдурулуп тургандыгы тууралуу маалымат айтылган. Бул маселе азыркы тапта кандай чечилген?"

Жооп: "Бүгүнкү күндө тоңдурулган анализдер жок. Азыркы тапта 1 сутка ичинде келген анализдерди ошол замат эле текшерип жатабыз", - деди Жороев.

2020-05-01 10:20

Республика боюнча 70 миңге жакын экпресс-тест алынган. Бул тест адамдардагы вирусту алдын ала аныктоо үчүн колдонулат. Тесттер оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына жана калк жыш жайгашкан аймактарда колдонулууда. Аларды колдонуу көрсөтмөсүндө 70 пайыз сезимтал болушу керектиги айтылганы менен иш жүзүндө ал 8 гана пайызды түзүүдө.

2020-05-01 10:18

"Республиканын аймагында 9 лаборатория иштеп жатат, аларын үчөө мобилдүү лабораториялар. Азыркы тапта анализдерди алуу жана ооруну тактоо боюнча иштер толук кандуу жүрүп жатат", - дейт Жороев.

2020-05-01 10:16

"Кытайдан бүгүнкү күндө жардам катары 10 миң ПЦР тест системи келип түштү. Түркиядан 60 миң, Беларусь өлкөсүнөн 100 миң тесттин келишин күтүп жатабыз. Азыркы тапта тесттер жетиштүү", - деп билдирди Жороев.

2020-05-01 10:15

Айнура Акматов айрым чектөөлөр алынып, ишканаларда иштер башталганына байланыштуу кандай эрежелер сакталыш керектиги тууралуу маалымат берүүдө.

2020-05-01 10:13

Вирус аныкталгандардын ичинде 3 медициналык кызматкер бар. Бишкек шаарынан 2 кызматкер, Нарын облусунан 1 кызматкер.

2020-05-01 10:10

Өлкө боюнча стационарда жалпы 244 адам дарыланууда, алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө – 5 адам жатат.

2020-05-01 10:05

Жалпы республика боюнча 1-майга карата 10 адамдан коронавирус аныкталды. Алар:
Бишкек шаары – 5;
Ош облусу - 3;
Баткен облусу – 1;
Нарын облусу - 1.

Муну менен жалпы өлкө боюнча вирус аныкталгандардын саны 756га жетти.

2020-05-01 10:00

Бүгүн Кыргыз өлкөсүндө жалпы 45 адам коронавирустан айыгып чыкты. Алар: 
Бишкек шаары – 8;
Ош шаары – 10;
Ош облусу - 9;
Жалал-Абад облусу - 3;
Нарын облусу - 11;
Ысык-Көл облусу – 1. 

Жалпы 504 адам айыгып чыкты.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: