super.kg logo

"Студенттер дагы биздей жерде жашабайт". Оштогу ооруканада иштеген дарыгер 3 жарым миң сом айлык алып, азыркы убакта жатакана акысын төлөй албай жатканын айтат

 

Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын дарыгери SUPER.KG порталына кайрылды. Дарыгер аты-жөнүн жашырууну өтүнүп, бизге учурдагы маселени айтып берди.

Дарыгер аталган ооруканада 0,5 ставка менен бир жылдан бери иштейт. Өзү хирург. Алган маянасы 3 жарым миң сом. Ал айлык акысынын аздыгынан улам ооруканага тийиштүү жатаканада жашайт.

"10 күн мурун биздин бөлүм жабылды. Себеби жандандыруу бөлүмүндө иштеген дарыгерден коронавирус аныкталып, биз 10-майга чейин иштебей турган болдук. Биздин кайрылуубуздун негизги себеби Ош облустук аралык клиникалык ооруканасынын эч кандай шарты жок жатаканасы бар. Ал жерде башка жакта жашаганга шарты жок 30га жакын дарыгер жашайбыз. Кудайга шүгүр кылып, жашап келе жатабыз. Себеби алган айлыгыбыз 3 жарым миң сом болсо кайда барабыз? Жатаканага бир бөлмө үчүн 3 жарым миң сом төлөйбүз. Бул деген айлыкты алып, кайра эле батир акысына беребиз дегендик. Март, апрель айында иш жок болду. Ал эми биздин оорукананын жетекчилиги батир акыны төлөгүлө деп жатат. Биз азыр өзүбүз кыйналып жашап жатканда, ошол акыны оорукана албай турса же кичине жеңилдик кылса болот беле?

Негизи жатакананы жаш даргерлер үчүн деле бекер кылса болмок. Буга чейин 800 жүз сом төлөп келгенбиз. Ушул жылы эле акчасын көтөрүп салышты. Азыр дарыгердин баары эле ушул маселени чечип, кичине жеңилдик каралса деген эле ойдо жүрүшөт. Бирок алар элге кайрылууну, коомчулукка чыгууну каалашкан жок.

Мындай карасаң ушул адамгерчиликке деле жатпаса керек. Ушундай оор күндөрү бир аз болсо да жетекчилик акчадан кыйналып жатасыңар деп жеңилдик кылып, 3-4 айдын акысын албай деле койсо болмок.

Чындап карасаң, азыр студенттер дагы мындай жерде жашабайт. А биз дарыгерлер бул убактылуу учур, келечекте айлык көтөрүлөт деп үмүт менен жашап келебиз. Биз дарыгерлер биздин оорукананын жетекчилиги ушул маселени чечип берүүсүн, жеңилдик кылып, балким, абалыбызды көрүп батир акыны албай турса деп кайрылабыз", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
01.05.2020. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Кудайга шугур дечи,айлык аз деп кечинде кымбат кафеден тамактанасынар
01.05.2020. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айлыкты жатаканага төлөсөңөр эмне жеп,эмне ичип, эмне кийип атасыңар.
01.05.2020. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айлык аз болгону менен, кундо болуп турат да силерде. Аны айтпайсынар э сол чонтокту.
01.05.2020. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Депутаттарга олчойтуп төлөбөй,дарыгерлерге төлөсүн эмгеги ак
01.05.2020. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар бир адамга консультация минимум 200 сом.Айлыктан сырткары левый коп.
01.05.2020. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Карантин маалында сол чонтокту толтура турган клиенттер барбай калгандырда
01.05.2020. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Хирург бир женил операциянар 5000 ден башталат го. Шугур кылып тур
02.05.2020. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ГАИнин айлыгы 800 сом дегендей экен да бул жагы.
02.05.2020. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Хирургдарды билбейм го, төрөтканада иштеген врачтар бир күндө жок дегенде он миң сом тапса керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: