super.kg logo

"Калың эл кара тумоодон эмес, акындарынан ажыраганына кайгырып турат" дейт Рыскелди Момбеков

 

Бүгүн, 1-майда акын, журналист Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Коштошууга акындын туугандары жана маданият өкүлдөрү болуп 100дөн ашуун киши келди. Акынды эскерген депутаттардын бири Рыскелди Момбеков калың эл кара тумоодон эмес, эки акынынан ажыраганына кайгырып турат дейт.

"Урматтуу карайлап турган калың журтум, армандап турган аксылык туугандар!

"Залкар элең Зайырбек, зарлаттың неге кайыр деп" демекчи, бүгүн кыргыз эли зарлап турат, каңырыгы түтөп, какшап турат. Эгемендүү Кыргыз мамлекетинин тарыхында ээрчишип келген, катарлаш келген мындай кайгы болбосо керек эле. Эки аптага жетпеген убакыт ичинде адабияттын, маданияттын эки тоосу бөксөрдү.

Зайырбек акка моюн сунса, аны алып кеткен ажалга биз бүгүн тажиясында моюн сунуп турабыз. Жашоо түбөлүк болбойт экен, түбөлүк деген күбөлүк дагы болбойт экен. Зайырбек Ажыматов тууралуу алдыда дагы далай сөздөр айтылып, ырлар жазылат. Өнөрлүү адамдар өлбөйт. Муну белгилүү акын Токтогул Сатылганов "өлтүрсөңөр өлөрүм бар, өлбөй турган өнөрүм бар. Астырсаңар денем калат, артымда калган ырларым оттой жанат" деген. Мен ойлойм, Зайырбекти жерге берсек дагы анын таланты, ырлары элдин жүрөгүндө кала берет.

Экинин бири Элмирбек Иманалиевди эстесе, экинин бири Зайырбек Ажыматовду эстеп турат", - деди ал.

Зайырбек Ажыматов 29-апрелде 43 жашында каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
01.05.2020. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кош залкарларды эстебей койууга кантип болсун,ар дайым журогубуздо болушат!
01.05.2020. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: