super.kg logo

"Зайырбек Ажыматов күйүттүн артынан эле кетип калды" деп эскерди жазуучулар союзунун төрагасы

 

43 жашында каза болгон акын, жазуучу Зайырбек Ажыматовду бүгүн, 1-майда акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ага жалпысынан 100дөн ашуун киши келди. Маркумду узатууга келген кесиптештеринин бири, жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков акын менен бир сайда чоңойгонун айтып, жашын тыя албады.

"Агайың, туугандар, Зайырбек Ажыматов экөөбүз бир колоттун, бир сайдын балдары элек. Студент кезден тарта экөөбүз шапалактай китеп чыгарып, жазуучулар союзуна мүчө болуп, адабияттын астанасын чогуу аттаган балдар элек. Зайырбек ыйы, кубанычы, сыры менен бөлүшчү, мен аны менен бөлүшчүмүн. 40тан ашып калчылдап калат экенбиз. Илгери обончу досубуз 30 жаш курагында каза болгондо, ошол күйүттү жаштыгыбыз менен көтөрүп кетиптирбиз.

Элмирбек Иманалиев, бир аптадан кийин эле Зайырбек Ажыматов каза болду, кыйын болуп калат экен... Мен өз жон-терим менен сезген адам катары жазуучуларга айтарым, Зайырдай болбогула. Карагылачы, Зайырбек Элмир эле, Элмир деп какшап жатып, күйүттүн артынан кетип калды.

Зайырбек, мен сага кантип топурак салам... ", - деп токтоно албай ыйлап жиберди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.05.2020. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жаткан жери жайлуу болсун топурагы торко болсун!
01.05.2020. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаттыктын туз эфиринен коруп отурдук. Нурлан аке жашын тыя алган жок. Карап отуруп ыйлайсын. Алп акындан ажырадык. Жараткан бейишинен берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: