super.kg logo

Мамлекет башчы эл аралык жардам линиясы боюнча келип жаткан каражаттарды ырааттуу пайдалануу керектигин айтты

 

Президент Сооронбай Жээнбеков 30-апрелде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, ошондой эле калктын буга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу кырдаалда саламаттыкты сактоо тармагында системдүү алешемдиктер ачыкталганын билдирди. Саламаттыкты сактоонун бүт системин, анын ичинде жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандырууну өркүндөтүү, ошондой эле коомдук саламаттыкты сактоонун ролун күчөтүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгиледи. Президент саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүшү керектигин, ал бүтүндөй системге, анын ичинде бейтаптарды дарылоо шарттарына да пайдалуу таасирин бериши керектигин айтты. Ошондой эле эл аралык жардам линиясы боюнча келип жаткан каражаттарды ырааттуу пайдаланууга көңүл бурду.

Элнура Боронбаева коронавирус пандемиясынын шарттарында фонддун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. Өлкө жарандарын сапаттуу медициналык жардам менен кепилденген камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди. Ал бүгүнкү күндө бардык мамлекеттик медициналык мекемелерде медицина кызматкерлери үчүн жеке коргоочу каражаттардын запасы бар экенин маалымдады.

Бюджеттик акча каражатына коргоочу каражаттарды сатып алуу улантылып жатат, медициналык мекемелер алардын запастары менен күн сайын толукталууда. Жалпысынан акыркы 3 жарым айдын ичинде бул максатка 187 миллион сом багытталган.

Ошондой эле Элнура Боронбаева тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге дары-дармектердин баасын жөнгө салуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
01.05.2020. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Президент туура айтат. Азыр ар бир тыйынды сарамжал пайдалануу зарыл.
01.05.2020. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Медиктерге камкордукту күчөтүу зарыл. Алар өмүрүн тобокелге салып вирустун очогунда иштеп жатышат.
01.05.2020. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекеттин тышкы дүйнө менен алакасы жакшы болгонунун пайдасы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: