super.kg logo

"Бири каза болуп, бирөө өмүр бою майып болуп калды. Кадамжайда мас абалда 3 адамды сүзгөн жактоочу үй камагына чыгып кетти" дейт жабырлануучу тарап

 
Жол кырсыгына шектелип жаткан айдоочу.

Ушул жылдын 22-апрель күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Баткен облусуна караштуу Кадамжай-Айдаркен унаа жолунда Хонда-CRV унаасы Айдаркен шаарынан Кадамжайга бара жатып, дөңгөлөк алмаштырып жаткан 3 жаранды сүзүп кеткен. Натыйжада Кадамжай районунун Жийделик айылынын тургуну 1993-жылы туулган Нурсултан Бөрүбаев окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми П.Д. жана К.М. аттуу жарандар аймактык ооруканага жеткирилген.

Ал эми унааны 1978-жылы туулган айдоочу Н.А. башкарып келе жаткан. Ал жол кырсыкка кабылганда, мас абалда экени аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Маалымат облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкталды.

Айдоочунун баш коргоо чарасын Кадамжай райондук соту 25-апрель күнү карап чыгып, үй камагына чыгарган.

"Жазык Кодексинин 135-беренеси жана 297-беренеси боюнча шектелген Н.А. эки айга үй камагына алынсын. Тактап айтканда, 23-июнга чейин. Токтом боюнча Жазык кодексинин 135-беренеси жана 297-беренеси анча оор эмес кылмыштардын түрүнө кирет жана анын аты-жөнү аныкталды. Анын туруктуу жашаган жери бар, Кадамжай шаардык мэриясы тарабынан жакшы мүнөздөлгөн. Жашы жете элек көп балалуу жана азыркы күндө аялы кош бойлуу. Мурда сот жоопкерчилигине тартылган эмес, шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринин белгилери этиятсыздык кылмыштын катарына киргендигин эске алуу менен ага карата бөгөт коюу чарасы катары үй камак түрү эки айга тандалат", - деп жазылат маалыматта.

SUPER.KG порталына маркум Нурсултан Бөрүбаевдин жакын досу Эламан Курбаналиевге кайрылды. Анын айтымында, маркум үйдүн жалгыз уулу. Артында 2 баласы калды.

"22-апрель күнү досум жумушунан чыгып, Айдаркен шаарынан Кадамжай шаарын көздөй бара жаткан. Орозбеков айыл аймагынын Сары-Талаа айылына жеткенде унаасы бузулуп, жол четине токтоткон. Ал жалгыз болгондуктан, жардамга эки досун Жийделик айылынан чакырган. Алар келип, унааны оңдоп жаткан убакта Айдаркен тараптан катуу ылдамдыкта келе жаткан Хонда-CRV унаанын айдоочусу мас абалында унааны башкара албай, жол четине чыгып барып жабырлануучуларды сүзгөн. Машинанын ылдамдыгы катуу болгондуктан, жабырлануучулар кырсык болгон жерден 10-15 метр аралыкка чейин учуп барып түшүшкөн. Досум Нурсултан окуя болгон жерден жан берген. Ал эми анын эки досунун биринин оң буту эки жеринен сынып, башынан жараат алып, аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө эс-учун жоготкон абалда түшкөн. Ал эми бирөөсү оң бутунан жаракат алып, орто абалда болгондуктан "Тез жардам" кызматын чакырган.

25-апрелде Кадамжай райондук сотунун судьясы Ильяз Тажибаев үй камагына чыгарды. Шектүү мас абалда келип, бир адамды өлтүрсө, дагы бирөө өмүр бою ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип калды. Ошон үчүн эмнеге айдоочуну үй камагына чыгарды? Досубуздун ата-энеси, эки баласы, жубайы калды. Эми аларды ким багат, ким карайт? Биз тергөө ишин жана соттон өкүмдү акыйкат чыгарууну талап кылабыз. Адам өмүрүн алган адам ошол замат камакка алынышы керек. Биз бул шектүү адам буга чейин дагы окуучу кызды сүзүп, соттон бошонуп чыгып кеткен деп угуп жатабыз", - деп билдирет маркумдун досу.

Эламан Курбаналиевдин айтымында, айдоочу Кадамжай райондук сотунда мамлекеттик жактоочу болуп иштейт.

Биз жол кырсыгына шектелип жаткан айдоочу мурда дагы кырсыкка кабылган деген маалыматтын чын бышыгын аныктоо үчүн Баткен ОИИБине кайрылдык.

"Айдоочу мурда адам өмүрүн алган жол кырсыгына кабылган эмес" деди басма сөз кызматынан.

SUPER.KG порталы бул окуя боюнча экинчи тараптын дагы оюн угууга даяр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(21)
05.05.2020. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ичип рольго отурган, Адам олтурду, адамды майып кылды бирок жыргап эл катары жашап журот! Ошого башкаларда коркпойтда ичип машинага отура букеттер! Уят кдм сотуна!
05.05.2020. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Адам олуп атса,мунун машинасынын чекеси эмне болуп калыптыр.Тем более мас абалында болсо,камаш керек болчу.Озу сотто иштесе карганын козун карга чукубайт болуптур да биягы.Акчасына гопкон неме экен.
05.05.2020. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Акыры бир кун жамандык бир жерин тешип чыгат
05.05.2020. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Камалсын кучотулгон тартипте жазасын калсын жана башкаларга сабак болгудай болсун.Эмнеге 22-апрель Адам олтуруп жатса 25-апрель 2 кундун ичинде ал киши чыгып кетип жатат уй камагына.Бир бей бечара 500сомдук телефон уурдаса айлап суйролот эмнеге эмнегееееееееееее
05.05.2020. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Адилетүүлүк деген түп орду менен жоголду го бизде. Акчасы болсо кызматы болсо 10 кишини өлтүрсө деле чыга берет тура. Мына коррупция менен күрөшүп аткан бийликтин жүзү. Убалы уктатпасын.
05.05.2020. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Озунор жолугуп эле акырын ишти кылып койгула да.
05.05.2020. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аллахым жазасын берсин,бизде закон иштебейт экен
05.05.2020. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Арак ичип алып машине айдаган чочколор качан тыйылат
05.05.2020. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Кырсык каш кабактын ортосунда. тенирим кырсыктан сактасын. Сак болгула.
06.05.2020. 05:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Asel69,теңирди унут,Алла Таалам гана сактайт!
05.05.2020. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ой бети жоктоор куйбогон жеримди кул кылдынарго, адам олтуруп жатса, анан кандай бетинер менен, анча оор эмес кылмыш деп жаздынар, андан оору кандай болушу керек,мен болгондо на место олум жазасына тартмакмын, жаным эле кашайып кетти
05.05.2020. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул киши гилейип байыраак адам окшойт машинасыда норма, анан мунун куноосу ото чон экен! 1чи ичип алып рульга отурса, 2чи 1адамдын олумуно себепчи, 3чу 1адамды омур бою майып калса, дагы бул гилейген кутуруп женил желпи чыгып кетеби? Кудай бар, Ыйык Орозонун кунундо туура чечим чыгаргыла соттор!
05.05.2020. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элдин унун угуп калар бийликтеги азаматтар
05.05.2020. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мыйзам баарына бирдей болушу керек президенттен батап карапайым жаранга чейин.Жактоочу болсо эле кутулуп кетүү эмес колуң м.н жасадыңбы моюнуң м.н тарт
Сот ж.а башкалардан качканы м.н куайдан кача албайт. Соттор акылына келип туура чечим чыгарышсын бул жерде үч адамдын жашоосу талкаланды. Акчага дайыма эле баарын сатып албайсыңар. Көкүрөгүңөрдүн ичиндеги муштумдай эт таш болбосо керек??? Адамбыз деп эсептесеңер туура чечим чыгарасыңар еп ишенем.
05.05.2020. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чечим чыгарган соттун ишин соттор кенеши карашы керек! Адам олуп атса анча оор эмес кылмыш деп токтолуптур. Мындай сотторго фемидада орун жок
05.05.2020. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Минтип отурса адилетсиздике тойгон эл самасуд кыла баштайт...
05.05.2020. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул окуядан кийин кантип айтасын бизде адилет сот бар деп.Кече эле бироо баласын уруп койгонуна 2 айга камады эле бул адам олтурсо 2 кундон кийин чыгып жатса эмнени карап жатасынар окмот!!!
06.05.2020. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кантип уй камагына чыгардыныз судья . Кырсык болгон чакта деле , жазасын алыш керек. Озунузду же жакындарынызды койуп корсонуз Каза болгон баланын ордуна. Ыйманы Салават болсун
06.05.2020. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Каза болгон баланын жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтам. Акыйкаттык жокта бизде мисалы андан башка карапайым кара жумушта иштеген адам сүзүп кетсе мыйзамынар иштемек. Адилетсиздик чечим чыгарган үчүн сотун баш кылып верхобный сотко бергиле.
06.05.2020. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aliar1, XATSAN125, кылмышка шектүүнүн бетин жабуу, аты-жөнүн толук жазбоо тууралуу мыйзамда бар.
Жазыксыздык жоромолуна ылайык жана соттун чечими чыкканга чейин кайсы бир кылмышка шектелген адамдын аты-жөнүн жана сүрөтүн жарыялоого болбойт.
06.05.2020. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул киши озу адвокат, мамлекеттик жактоочу Нарматов Алтынбек. Карантинде, орозодо ичип келип адам олтурду. Аны уй камагына чыгарган Тажибаев Ильяз экоо коллега, туугандар, боло болушат экен. Элдердин айтуусу боюнча мурда Айдаркен шаарында окуучу кызды мас болуп уруп кеткен экен. Бирок, ал иш акча менен басты болуп, жабыркаган тарап акча менен тынчып кеткен дешет. Канчалык чындыгын билбейт экем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: