super.kg logo

Мэр: "Жалал-Абад шаарында обсервацияда 1 эле адам жатат"

 

Бүгүн, 1-майда Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев онлайн маалымат жыйын берип жатат. Анда шаар мэри шаардагы акыркы кырдаалга байланыштуу маалыматтарды айтууда.

Айтымында, азыркы тапта Жалал-Абад шаарында бир эле адам обсервацияда жатат.

"Өзгөчө абал боюнча Жалал-Абад шаарында абал туруктуу. Өзгөчө абал учурунда тартипти баарыбыз бирге көзөмөлдөсөк, илдеттен оңой кутулууга жакшы шарт түзүлмөк. Бүгүнкү күндө шаарда ооруканада жаткан жаран жок. Бирок жалпысынан коронавирус башталгандан бери бир топ иштерди аткардык.

Тилекке каршы, Жалал-Абад шаарында 7 бейтап катталган. Биз бул багытта 854 адам менен иштешип чыктык. Кудайга шүгүр, мындан ары дагы биз ушул темпти кармашыбыз керек. Азыркы тапта Жалал-Абад шаарында бир эле адам обсервацияда жатат. Ал кишинин дагы анализдери таза чыгышын Кудайдан тилейбиз", - деди Тагаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: