super.kg logo

Жалал-Абад шаарында 44 мекеме ишканасы ишин баштоо алдында турат

 

Жалал-Абад шаарында 44 мекеме ишканасы ишин баштоо алдында турат. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев онлайн маалымат жыйын учурунда айтты.

"Бүгүндөн баштап ишкерлерге уруксат кагаздарын берүү боюнча комендантка сунуштарды бере баштадык. Жалпы шаар боюнча 44 мекеме ишканасы ишин баштоо алдында турат.

Белгилегим келет, 3 этап, тагыраагы, 1-май, 11-май жана 21-майга чейин деп өкмөт тарабынан белгиленди. Ошондуктан өкмөт тараптан уруксат берилди деп өз алдынча, ар кандай маанидеги коммерциялык уюмдарды ачпай туруңуздар деп элди чакырат элем. Анткени 9 күн гана убакыт калды. Ушул кыска убакытка чыдап койсок, жай турмушка түшөт элек. Азыркы учурда шаар тургундарын ээн-эркин жолго чыкпай, муктаждык учурунда гана көчөгө чыкканы талапка ылайык", - деди мэр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: