super.kg logo

«Биримдик» саясий партиясынын Каракол шаардык уюмунун билдирүүсү

 

"Кыргызстандын эли кыйынчылыкка дуушар болуп турган мезгилде, айрым жарандар жана жалпыга маалымдоо каражаттары ушак-айың кептерге ишенип, чындыкка жатпаган маалыматтарды таратышууда. Алар колдорунда эч бир тастыктоочу документтери жана негиздери жок туруп «Биримдик» партиясын ачыктан ачык мыйзам бузууга айыпташууда. Муну менен алар Кыргызстандын жарандарын адаштырып, «Биримдик» партиясынын ар-намысына жана беделине көө жабышууда.

«Биримдик» партиясы эч кандай үгүт иштерин жүргүзүп жатпаганын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында иштеп жатканын расмий түрдө билдиребиз. Эгерде мындай маалыматтарды таратып жаткандарда конкреттүү такталган далилдер болсо, анда аларды келтирип, тийиштүү органдарга арыз жазып кайрылсын. Интернетке чыгарылган фото, сүрөт далил боло албайт деп эсептейбиз. Жалаа жайылтуу менен алектенип жатышкандар мындай кайрылууларда далилдер жок болгон учурда, биз көрүп тургандай, жалган айыптоолору үчүн жооп бере тургандарын эң жакшы билишет.

«Биримдик» партиясынын мүчөлөрү карантиндин алгачкы күнүнөн тартып бүткүл өлкө боюнча жардамга муктаждарга жардам берип келатат жана мындан ары да жардам көрсөтүүсүн уланта берет. Мындай жардамды башка партиялар, депутаттар да көрсөтүүдө, бул туурасында алар соцтармактардагы баракчалары аркылуу калкка маалымдашууда. Расмий органдардан, эгерде мындай ишмердүүлүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келсе, анда бул боюнча кат жүзүндө түшүндүрмө берип коюну өтүнөбүз. Биз айрым чагымчыларга кыйын абалда калган жарандарга жардам көрсөтүүгө болгон өз укугубузду чектөөгө жол бербейбиз. Биз бир үй-бүлөдөй өлкөбүз, баарыбыз бирдиктүүбүз жана бири-бирибизге жардам беребиз, биз бардык кыйынчылыктарга туруштук берип, жеңип чыгабыз!

Биздин күчүбүз биримдикте!"


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(9)
01.05.2020. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Туй атан биримдик деген партия барбы ыя
01.05.2020. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Рахмат.
01.05.2020. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биримдикте жейбиз деп койбопсунар
01.05.2020. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушуда кимдер бар экен. Баягылар эле журсо керек
01.05.2020. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул жолку шайлоодо Адахан Мадумаровду шайлап королу туугандар, азыр ушул кишиден башка камчыга сап талапкер жок болуп калды. Умардай р.а. башчы болот деп ойлоймун.
02.05.2020. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
adoi,Адаханынды нары алпарып ойночу
02.05.2020. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
adoi, Умар р.а. чыныгы мусулман болгон, А.Мадумаров мечитке барганын көргөнсүңбү?
Салыштырганда дагы этияттап салыштыр тууганым, Умар р.а. иштейм деп эркекче иштеп койгон, кечке сүйлөп коюп олтура берген эмес.
02.05.2020. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эч кимге деле жардам берген жок бийлик
03.05.2020. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бийликтин партиясы!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: