Орусиялык ырчы Надежда Бабкина ооруканадан чыгарылды

Орусиянын Эл артисти Надежда Бабкина ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу ырчы айым социалдык тармактагы баракчасына билдирген.
"Учурунда көрсөтүлгөн жардамдын жана профессионал дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүнөн, дарылоосунан улам оорудан кийин калыбыма келдим. Мага жардам көрсөткөн бардык медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирем", - деген Бабкина.
6-апрель күнү Надежда Бабкина коронавирус жуктуруп, ооруканага жаткырылганы маалым болгон. Ооруканадан ырчынын абалы начарлап, жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган. Комада жаткан ырчы бир аптадан кийин эсине келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.