super.kg logo

«Газпром Кыргызстан» компаниясы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады

 

Өлкөнүн эң негизги майрамдарынын бири болгон – Улуу Жеңиш майрамынын алдында «Газпром Кыргызстан» компаниясы Улуу Ата Мекендик согуштун бардык катышуучуларын куттуктап, белектерин тапшырды.

Даректүү жардам Кыргыз Республикасынын жети облусундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана майыптарына, Ленинград блокадасынын катышуучуларына жана концлагердин жашы жете элек туткундарына берилди.

9-майга карата ардагерлерди куттуктоо компания тарабынан демилгеленген эң чоң кайрымдуулук иш-чараларынын бири болуп саналат. Жыл сайын 5 жыл аралыгында компания согуштун катышуучуларына өзгөчө көңүл буруп, Жеңиш күнү менен куттуктап, алардын саламаттыгына кам көрүп келет.

«Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына терең ыраазычылыгыбызды билдиргенге мүмкүнчүлүгүбүз бар экенине кубанычтабыз. 1945-жылдын жаз мезгили – биринчи Жеңиш Парадынын өткөнүнө 75 жыл толду. Ошол мезгилден тартып бир нече муун чоңойду. Азыркы учурда жалпы баарыбыздын максатыбыз – бизге тынчтыкты, эркиндикти жана көз карандысыздыкты камсыз кылууда өзүнүн биримдүүлүгү, өз жанын аябаган жана мекенине болгон сүйүүсү күчтүү совет элинин улуу эрдиги тууралуу мурасты сактап калуу», - деп билдиришти компаниядан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: