Санкт-Петербургдун ооруканаларына каза болгондордун сөөгүн сактоочу 8 контейнер-муздаткыч орнотулду
Санкт-Петербург шаарында каза болгондордун сөөгүн убактылуу сактоо үчүн 8 контейнер-муздаткыч орнотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Петербургдун вице-губернатору Олег Эргашевдин басма сөз кызматчысы контейнер-муздаткычтар 7 оорукана жана бир крематорийдин жанына орнотулгандыгын айткан. "Бул алдын алуу десек болот. Азыркы учурда контейнер-муздаткычтардын кереги тийген жок. Алар колдонулбай, жабык бойдон турат. Биз коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаалды ар жактан карап, даяр болушубуз керек. Бул кырдаал курчуп кеткенге даярдалган резерв", - деген басма сөз кызматынын өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.