Өзбекстандагы Сардоба суу сактагычында дамба жарылды



Бүгүн, 1-майда Өзбекстандын Сырдарыя облусунда жайгашкан Сардоба суу сактагычында дамба жарылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жабыркагандар катталган эмес, ал эми жакынкы айыл тургундары коопсуз жерлерге эвакуацияланууда.
"Азыркы тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп жатат. Окуя болгон жерге өлкөнүнүн президенти Шавкат Мирзийоев келген. Абал көзөмөлдө, дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок", - деп жазылат маалыматта.
Сардоба суу сактагычы 2017-жылы курулуп бүткөн. Ага 922 миллион метр куб суу сакталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Туура айтасыз.
Ал мекенчил,олкону,элди ойлогон президент болчу.Убактылуучулар келип экономиканы талкалады,карызга батырды.Убактылуу окмоттун мучолорун баарын камап салуу керек.Кан тогуу менен келип ант берип келишкен.
Президент катары мыкты олко жетекчи деп эсептейм.