super.kg logo

"Тирүү экендигиме таң калып турам". Франциялык 50 жаштагы аял коронавирустун оор түрүн кантип жеңгенин айтып берди (видео)

 

50 жаштагы Коринн аттуу Франциянын жараны коронавирустун оор түрүн кантип жеңгендигин айтып берди. Анын баянын аталган өлкөнүн басылмасы жарыялады.

Маалыматта Коринн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн медициналык-социалдык борборунун директору болуп эмгектенгени айтылат. Анын көз алдында борбордун камкордугундагы кары адамдардын көбү көз жумганы белгиленет.

"Андан кийин өзүм да оору жугузуп алганым аныкталды. Илдет абдан оор өттү. Бөйрөктөрүм иштебей калды, буга байланыштуу мени жасалма комага түшүрүүгө мажбур болушту. Эсиме келгенде кайра төрөлгөндөй эле болдум. Мен өзүм жашап кеткениме бир чети сүйүнсөм, бир чети таң калдым. Анткени менин мүмкүнчүлүгүм аз эле пайыз болгон. Комадан чыккандан кийин пюрелерди жеп жатам. Башында мага суу ичүүгө болбойт эле, кадимкидей бир кашык болсо дагы суу көзүмдөн учуп жатты. Андан кийин бир кашык минерал суусун беришти, ошондо жашоодо биз көңүл бурбаган, маани бербеген баалуулуктар майда, кол жеткен нерселерден башталарын түшүндүм.

Азырынча дарыгерлердин көзөмөлүндө болом. Анткени кекиртегимден дем алуумду жеңилдетиш үчүн кичинекей тешик ачышкан. Акыркы апталарда башымдан өткөргөн күндөр түбөлүккө эсте калат", - деген Коринн.






Франциялык 50 жаштагы жаран коронавирустун оор түрүн кантип жеңгенин айтып берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.05.2020. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тооба кылдым бул ооруга тушунбой да калдык ар кандай окуялар болууда. Эмнеси болсо да тезирээк аяктаса экен. Дуйно жузу адамзат аман эсен жакшы жашашын тилектешмин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: