super.kg logo

2 согушту жана испан тумоосун башынан өткөргөн 106 жаштагы аял коронавирустан айыгып чыкты

 

Францияда 106 жаштагы карылар үйүнүн жашоочусу Элен Лефевр коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 15-апрелде вирус жуктуруп алган айым азыркы тапта андан сакайып чыккан.

"Аталган карылар үйүндө жалпы 200 адам жашайт. Элен тамашакөй, кыялы чорт айым. Ал эртең менен жана кечинде дайыма басат", - деп билдирген карылар үйүнүн кызматкери.

Элен өзү башынан 2 согушту, испан тумоосун өткөргөнүн айтып, дагы деле өмүр сүрүп жатканына таң калганын, бирок аркы дүйнөгө эч качан шашылбай тургандыгын айткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: