Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын эсебине 136 миллион сомдон ашык каражат түштү
Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын эсебине 136 миллион 98 миң 149 сом түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул 30-апрелге карата түшкөн эсептин суммасы. Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебине келип түшкөн каражаттардын жалпы суммасы 17 миллион 178 миң 99 сомду түздү.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов гуманитардык жардамдарды кабыл алуучу эки эсеп иштеп жатканын билдирген. Биринчиси Саламаттыкты сактоо министрлигине, экинчиси Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жардамдар түшөт. Ал жерден түзүлгөн комиссия каражаттарды бөлүштүрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.