super.kg logo

Өлкөдө өткөн суткада 13 адамдан коронавирус аныкталды. Жалпы 769 (видео, хронология)

 

Бүгүн, 2-майда саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйын берүүдө.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-05-02 10:22

"Компенсациянын бир күн иштеген төлөмдөрү дарыгерлердики 2 миң 300 сом, орто медицина кызматкерлердики 2 миң сом, кичүү тейлөө персоналдардыкы 1 миң 800 сом. Иштеген мөөнөттөн кийин алар обсервацияда жатат. Ал учурда күнүнө 900 сом төлөнөт", - деди Атакулов.

2020-05-02 10:20

Саламаттыкты сактоо министрлигинин каржы саясаты башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакулов март айында коронавируска каршы күрөшкөн медицина кызматкерлерине 34 миллион 963 миң сом которулганын айтты. 

2020-05-02 10:12

Кыргыз өлкөсү боюнча обсервацияда 828 адам жатат.  Коронавирус лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны 3 миң 232.

2020-05-02 10:09

Өткөн суткада 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Жалал-Абад облусунда – 1, Ош шаарында – 1. Жалпы саны 200.

2020-05-02 10:07

Өлкөдө бир суткада 13 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын ичинен:

Бишкек шаары - 3;
Ош шаары - 2;
Ош облусу - 1;
Жалал-Абад облусу - 4;
Баткен облусу - 2;
Нарын облусу - 1.

Коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 769.

2020-05-02 10:06

Бир сутка ичинде 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Алар:

Бишкек шаарында - 9;
Ош облусунда - 1;
Жалал-Абад облусунда - 2;
Нарын облусунде - 11;
Жалпы 527 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: