super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Март айында 34 миллион 963 миң сом медициналык кызматкерлерге төлөнүп берилди"

 

Март айында 34 миллион 963 миң сом медициналык кызматкерлерге төлөнүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин каржы саясаты башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакулов билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган каражат 6 миң 36 медициналык кызматкерге төлөнүп берилген.

"Компенсациялык төлөмдөр карантиндик-казармалык абалда иштеген медициналык кызматкерлер 1 күн иштегенине 2 миң 300 сом, орто медициналык кызматкерлердики 2 миң, кенже медициналык кызматкерлердики 1 миң 800 сомдү түздү. Ошондой эле алар жумуштан кийин обсервацияга жатат анда күнүнө 900 сом төлөнөт.

Ал эми келип-кетип иштеген медициналык кызматкерлерге төлөмдөр саатына эсептелди. 1 саат иштеген мөөнөтүнө дарыгерлерге 100 сом, орто медициналык кызматкерлерге 90 сом, кенже мед.кызматкерлерге 80 сом кошулду.

"Тез жардам" кызматында иштеген кызматкерлер ар бир ташылган бейтап үчүн алышат. Дарыгерлер 600 сом, орто мед.кызматкерлер 500 сом, кенже медициналык кызматкерлер 400 сом", - деп билдирди Атакулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: