super.kg logo

"Сузак районунда коронавирус менен ооругандар калган жок" дейт Сузактын акими

 

Бүгүн, 2-майда Сузак районунун акими Эрмекбай Омошов жана Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Кумар Ботокараев онлайн маалымат жыйын берип жатышат.

Анда Сузак районундагы бейтаптардын дээрлик 95 пайызы айыгып, чыгарылганын район акими Эрмекбай Омошов билдирди.

"Дүйнө жүзү күрөшүп жаткан илдет менен биз дагы күрөшүп жатабыз. Кудайга шүгүр деш керек, буга чейин бир топ иш-чаралар жүрдү. Анын негизинде райондогу бейтаптарыбыздын дээрлик 95 пайызы айыгып, үйлөрүнө чыгып кетти десем жаңылышпайм. Себеби Сузак аймактык ооруканасында уюштурулган илдет менен күрөшүү инфекциялык бөлүмүндө илдет жугузгандар калган жок.

Ал эми бир гана облустук инфекциялык бөлүмүндө биздин жарандардын арасында 5 адам дарыланып жатат. Алардын дагы абалы жакшы, жакынкы күндөрү чыгат. Өзүбүз уюштурган обсервацияда бир гана жаран калды", - деди район акими.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
02.05.2020. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жаңылык
02.05.2020. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыздар.дуйно элинин айласын алты кетирген ооруну биздикилер даарылап салды Азамат Азамат.Вакцина издебей Сузактын врачтарын алып кетишсин дарылап беришет чет олколуктор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: